SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Экинчи турмуш" деген тема талкууга алынууда.
Автордун: "Адам баласы турмушунда эмнени гана көрбөйт?.. Экинчи жолу турмуш куруп, бактылуу жашаган адамдар барбы?"- деген суроосуна мындай пикирлер жазылган:
"Мен биринчи турмушумду такыр эстебейм. Биринчиде бактылуу көз ирмемдер болгон эмес. Ал эми экинчи турмушум кыйла жакшы, дайым күйөөм эркелетип турат. Мен да жакшы аял, келин болоюн деп тырышам".
"Мен күйөөмдүн экинчи аялымын, биринчи аялы менен ажырашып кеткен. Бактылуу элебиз. Аял киши "Бул мени бактылуу кылат бекен?" деп эмес, "Мен бул адамды бактылуу кыла аламынбы?" деп тийиш керек".
Мындай кеп уккам: "Биринчиси - жакшыраак, экинчиси - как шыйрак, үчүнчүсүнөн качыр эшек жакшыраак". Турмуштан ар нерсени күтүүгө болот, кээ бири экинчиси менен бактылуу жашайт, кээ бири экинчи турмушту баштап алып, биринчиси менен салыштыра берип, кайрадан турмушун бузуп алат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.