"Мен биринчи атаман, сен экинчи деп,
Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп мен.
Канча жолу мушташтык биз кыз талашып,
Аттиң, ошол күндөр калды кайда адашып?.." Бул ырды мектеп партасында бактылуу балалык күндөрүн өткөргөн ар бир окуучу билери талашсыз. Мухтар Атаналиевдин аткаруусунда хит болгон "Атаман" ырын эми ырчылар Нурлан Насип, Аваз Акимов кайрадан жаңылап ырдап чыгып, клип да тартышкан. Клип тууралуу Аваз Акимов мындай дейт:
"Бул ырды Мухтар Атаналиевден уруксат сурап ырдап чыктык. Ар бир адам мектепте бактылуу окуучулук күндөрдү өткөрөт эмеспи. Андыктан клипте окуучулар башынан өткөргөн кызыктуу окуялар камтылган. "Атаман" ырынын клиби мектепти бүтүп кеткен бардык бүтүрүүчүлөргө, окуп жаткан окуучуларга арналат, аларга арналып тартылган белек десем да болот. Нурлан экөөбүз бир мектепте окуган классташ эмеспиз, бирок жогорку окуу жайда бирге окуганбыз".
Аваз Акимов менен Нурлан Насиптин "Атаман" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.