Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарындагы университетте Маданият күнүнө карата иш-чара орун алды. 30дан ашык мамлекеттин студенттери катышкан салтанат алкагында кыргыз жаштары боз үй тигип, нукура кыргызча дасторкон жайышты.
SUPER.KG порталына Нурдөөлөт Сактанов билдиргендей, анда ар кайсы өлкөнүн студенттери өз мамлекетинин маданиятын таанытуу максатын көздөшкөн. "Улуттук тамак-аштарды жасап, улуттук оюндарды ойноп, бийлерин бийлешти. Кыргыз жеринен келген студенттер чакан концерт коюп беришти. Башында 2 мүнөт "Манас" айтылды, анан кыздарыбыз кыргыз бийин бийлешти. "Манасты" алгачкы жолу уккан кытайлар бар экен, кызыгып сурап жатышты. Кытайлар боз үйгө кирип, тамактан ооз тийип, "Жайында ушундай жайда жашайсыңарбы?" деп таң калып жатышты", - дейт
Н.Сактанов.
Жыйынтыгында баа коё келгенде кыргыз студенттери 1-орунду багынтып, жеңишке жетишишти.