Быйыл биринчи жолу АКШда жети эм: Алексис, Брендон, Жоэл, Келси, Кенни кичүүсү, Натали жана Натан мектепти бүтүрдү. 1997-жылы АКШнын Айова штатындагы Маккохи үй-бүлөсү баарына жети эмдин төрөлүшү менен белгилүү болгон. Балдар мөөнөтүнөн мурда төрөлүп, 450 граммга жакын гана салмакта болсо да, баары жашап кеткен көрүнүш алгачкы жолу катталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Окуусун бүтөрү менен балдарга Миссури штатындагы Ганнибал-Лагранж университетинде толук стипендия менен окуу сунушу келип түшкөнү менен, жетөө тең окуу жайда окууну каалашкан эмес. Мисалы, Брендон аскерде кызмат өтөөнү пландаса, Келси музыкалык карьера баштоону чечкен. Жети эмден тышкары алардан бир жашка улуу эжеси да бар.