Ош. Курманжан датка-2 аймактык кеңешинде 3800 адам жер тилкелери боюнча токтомду күтүп, 2010-жылдан бери үй сала албай келет

Ош шаарына караштуу Курманжан датка-2 аймактык кеңешинде 3800 адам жер тилкелери боюнча токтомду 2010-жылдан бери күтүп келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын тургуну Зууракан Акирова кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул жерлер 2010-жылы басылып алынган. Кийин бул жерлер жетим-жесирлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бөлүнүп берилген. "Ошол кезде губернатордун алдында атайын комиссия түзүлүп, жерлер боюнча токтом чыгарып бермек болушкан. Бирок ушул күнгө чейин чечим чыкпай келет", - дейт ал.

Зууракан Акирова кошумчалагандай, бул аймактан жер алгандар таш төктүрүп, үй салуу үчүн токтомду күтүп келишет. Бирок жакында төгүлгөн таштар белгисиз бирөөлөр тарабынан жок кылынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан