Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 20-июнда жана 23-июнда тапшырылат

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 23-июнда тапшырылат. Мындай чечим аталган министрликтин 7-майдагы буйругунун негизинде кабыл алынган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

11-классты бүтүрүп жаткан окуучулар аттестаттарын 23-июнда өтө турган салтанаттуу иш-чарада алышат. Ал эми 9-класстын окуучуларына аттестаттар 20-июнда тапшырылат.

9-класс, 11-класстын окуучулары үчүн жалпы мамлекеттик сынактар 2-июндан 17-июнга чейин өтөт. 2015-2016-окуу жылында 11-классты 62 миң, 9-классты 93 миң окуучу бүтүрөт.

Белгилей кетсек, мектеп окуучулары үчүн Акыркы коңгуроо салтанаты 27-майда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ice87
2016-05-26 11:13:48
ОРТнын жыйынтыгы качан чыгат?
0
kyrgyzka96
2016-05-26 14:27:05
ice87,23-июнда чыгат экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан