Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 10 миллиард 376 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 714 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 172 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 7 миллиард 193 миллион метр кубду түзгөн.