Бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Улуу Британиядагы "Britain's Got Talent-2016" сынагына катышуусун улантууда. Кечээ, 25-майда болуп өткөн жарым финалда топ өзүнүн өзгөчө бийин аткарып, калыстарды жана көрүүчүлөрдү таң калтырды.
Эске салсак, 16-майда президент Алмазбек Атамбаев бийчи Атай Өмүрзаков, "Тумар КР" бий тобунун мүчөлөрү Айбек Мирбеков жана Өмүрбек уулу Баяман менен жолугушуп, Лондон шаарында өтчү "Britain’s Got Talent" ("Британияда таланттар бар") аттуу сынакка барууга акча каражатын бөлүп берген.