2016-жылы 1-январдан 25-майга чейин өлкө боюнча 49 өспүрүм өз өмүрүн кыйган. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.
Анын айтымында, өзүн өзү өлтүрүү фактыларынын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталган. "Жалал-Абад облусунда 12 өспүрүм өз өмүрүн кыйган, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 6, Талас облусунда 4, Баткен облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусунда 5, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 2 факт катталган. Өз өмүрүн кыюуга негизги себептер төмөнкүлөр болууда: атасы же апасы жок болгондугу, материалдык жактан жетишпестик, ата-энеси чет өлкөгө кеткендигинен туугандарындыкында туруу", - деди Токтогулов.