АКШнын Нью-Йорк штатындагы Бруклин шаарындагы жол кырсыгынан Кыргыз Республикасынын Э.Ж. жана М.М. аттуу эки жараны жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин берген маалыматы боюнча, жол кырсыгына экөө гана кабылган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кырсыкка алардын унааны жогорку ылдамдыкта айдаганы себеп болгон. Алар ар кандай жаракаттар менен Лютеран ден соолук борборуна жайгаштырылышкан. Жабыркагандардын биринин бутуна операция жасалды. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылат. Ал эми экинчи жаран көптөгөн жаракаттарды алып, абалы оор. Учурда бул жарандын апасына аталган өлкөгө виза ачууга бардык аракеттер жүрүп жатканы маалым болду.