SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акчага байланыштуу кандай ырым-жырымдарды колдоносуңар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ай жаңырганда Айга акчаны көрсөтүп бата кылуу, карызга акча алганда колго бербей, жерге берүү, кечкисин бербегенге аракет кылыш керек. Айлык алганда эң биринчи таттуу нерсе алып жеш керек. Акчаны кичинекей балдарга карматпай, капчыкты бош калтырбоо кажет. Анан акчанын сыртында аялдын сүрөтү, мисалы, 5 сомдук, анан 20 сомдук экөөнү бет маңдай кылып кармап жүрсөң акчаң көбөйөт".
"Бай кишиден алган акчаны ырымдап капчыгыңарга катып алсаңар да байыйсыңар деп коюшат го".
"Айлык алганымда карыздарды берердин алдында сөзсүз түрдө тамак ичип алмай жайым бар. Бул мага адат болуп калды. Ошондой эле кичинекей кезимде апам чиновниктерден ырымга акча алып, мага берип койчу".
"Сол алаканым кычышса, үч жолу өөп, анан бош чөнтөгүмө салып коём. Ушинтсе акча келет дешет го. Анан айлык же акча келгенде сөзсүз бир шириндик менен ооз тием. Муну апам үйрөткөн".
"Капчыкка 1 долларлык салып коюш керек, акча тартат деп уккам. Ошон үчүнбү, менин да капчыгымда 10 долларлык жүрөт, себеби 1 доллар таппай койгом".
"Үйдө атам айнекке акча кыстарып коёт ырым кылып. Мааниси эмне экенин сурабаптырмын, жыртылгыча тура берет, кийин дагы жаңылап коёт".
"Бырыштырып, кирдетпеш керек. Кызыл капчык акча чакырат, анан капчыгыңды бирөөгө белек кылбашың керек. Ишемби күнү карыз берсе, кеч кайтат же кайтарылбайт. Акчанын гүлүн да өстүрүп алсаңар болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.