Мектеп окуучулары 23-июнда аттестат алуу менен катар жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын билишет. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, 2016-жылы ЖРТга катышууга 48 211 абитуриент катталган. Алардын ичинде кыргыз тилинде тест тапшырууга 31 102 бүтүрүүчү билдирме берген. ЖРТ тапшырыш үчүн республика боюнча 124 тест борбору ачылды. Бишкектеги жалпы билим берүү мектептеринде 32 борбор иштеп жатат.
Биринчи топ тестти 17-18-майда, ал эми экинчи топ 20-21-майда тапшырган. Мындан тышкары май айында ЖРТ тапшыра албаган абитуриенттер аны 23-24-майда беришти.
Быйыл ЖОЖго өтүш үчүн негизги тесттен 110 балл, предметтер боюнча 60 баллдан жогору балл алуу керек.