Өкмөт жооп берет: 5 жашка чейинки балдарды ооруканада акысыз дарылатууга мүмкүнбү?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - 5 жашка чейинки балдардан ооруканага жаткандыгы үчүн акы алынабы? 9 айлык балага массаж, физиотерапия дарылоо курсунан өтүү үчүн акы төлөнүш керекпи? Анан ооруканага жатканы барсаң, орун жок, бирок күнүнө төлөнүүчү палаталар бар экенин айтышат. Мыйзам боюнча кандай болуш керек?

Суроо калтырган: Kitep

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы №790-токтому менен Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы бекитилди. Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында 5 жашка чейинки балдарга лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, стационардык дарылануу акысыз. Демек, 5 жашка чейинки балдар ооруканага жатса, дарылануу, операция жасатуу бекер жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-ноябрындагы №790-токтому менен Жарандарды медициналык санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында 1 жашка чейинки балдарга физиотерапия дарылоо курсу акысыз жүргүзүлөт. Бирок физиотерапия курсунан өтүп жаткан бала жашаган жерине карата Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда катталуусу шарт.

Ал эми аталган программада массаж каралган эмес. Ошондуктан дарыгер балага массаж жасагандыгы үчүн акы алуусу мыйзамдуу.

Суроого КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык касыздандыруу фондунун адиси Айсулуу Төлөгөнова жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tansuluu09
2016-05-26 12:47:21
. Детский экен акча толобойсунор деп наглый эле айтат. Тишин дагы тазалап бербейтко
0
nursultan.91
2016-05-26 13:50:36
Кече туну 11 айлык балам ооруп калып ооруканага барсак,капельница куйду,даарыларды алдык. капельница куйган аялга 100 сом берсек "ушул элеби" дейт. Эже чонтогумдо ушул акча калды еле,эртен алып келип берем канча десениз десем,не довольна болуп калды
+2
tilek88.88kg
2016-05-26 13:52:56
Бала 5 жашты коюп 2: жашка чейинкилерди темратура болуп срочная больницага апарсак уколуна 100 же 150 сом Акча алат дайыма. Бекер болуш керек детискийге десек алынат баарынан алабыз деп жоо берет озгондогу детский больницада эн главный врачы алат. Кыскасы бааары акчада. Милиция менен врачка ишин тушпосунда акчаны сорот болушунча
+3
tilek88.88kg
2016-05-26 13:57:06
Детский больницага 5 жашка чейинкилерди жаткызсан даарыларыда Бекер болуш керекби ? Жооп бергилечи билген биро болсо
0
Nur.88
2016-05-26 16:49:24
Кызым куйуп бол.цага жатып калдык. Кызым 7жашта. Уй булоодо 4баладан ашык болсо бекер, андан аз болсо 840сом эле толойсунор деген. Перевезка кылган сайын мазь бинттерди озубуз алып атканбыз, анан чыгаарда 3450сом тологуло деди индевей ошерден жакшы болгонуна суйунуп толодук анан.
0
radyakiz
2016-05-26 18:03:42
Акча деле сурабайт тун ичинде инфекцион барсан деле бекер кабыл алып бекер жаткырат го. 3-детс-де температура болуп барсан бекер уколун сайып берет температ тушсун деп.
0
omu
2016-05-26 18:19:07
Лейлекте биз дагы бир жолу кызым ооруп (ысытма чыгып) барсак бекер эле карап, дарысын бекер эле берип жоноткон. Жасаган мамилесида жакшы. Акча алуу же албоо врачтан коз каранды окшойт деп калдым.
0
zoichka
2016-05-26 19:13:36
Беш кол бирдей эмес.
0
Aytur
2016-05-27 09:55:51
суроону кандай жонотсок болот супер инфо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан