SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эч ким бербеген белек" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен бирөөдөн уктум эле, күндөлүк цитаталарын чогултуп белек жасаганын. Сонун белек экен, мага да ушундай белек беришсе, эң маанилүү белек деп бааламакмын".
"Мен студент кезде 8-Мартта бир кызга өз колум менен жасаган открытка бергем. Ал кыз белегимди кандай баалаганын билген жокмун, бирок аны жасаш үчүн бир топ убакыт кеткен".
"Бардык белекти арзан-кымбатына карабай кантип беришке маани берүү керек. Бир жолу 23-февралда бир кыз оюнчук учак берген, "кичине кезиңдеги учкуч болуу кыялың орундалбаса, ушул учакты бала кезиңден бир элес кылып эстеп кой" деп. Мен үчүн ушул белек азыркыга чейин эң кымбат".
"Мектепте окуй элек кезимде таякем биздин үйдө жашачу. Анда студент болчу. Анын туулган күнүнө эмне береримди билбей, керек кылар деген максатта кооз чүпүрөктөрдү ороп бергем, "бут кийимиңизди аарчып жүрүңүз" деп. Көпкө чейин аарчып жүрдү. Менимче, алган эң оригиналдуу белеги болсо керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.