ЭЛДИК ВИДЕО: Атасынын сунушу менен кыргызча "Ай, эжекени" ырдаган ырчы популярдуу болду

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ай, ай, эжеке" аттуу видео жүктөлдү (ник: Cinderella).

Жаз ырчысы Майя Фадеева Жалал-Абад облусундагы музыкалык класстын окуучулары менен шаңдуу "Ай, эжеке" ырын ырдап чыкты. Социалдык тармактагы жеке баракчасына балдар менен ырдаган видеону жүктөп, "Ушундай таланттуу балдардын мугалимдери айына 150 доллардан көп айлык акы алса жакшы болмок. Бул маалымат менен бөлүшүп коюуңуздарды суранам" деп жазган. Анын суранычын интернет колдонуучулар жылуу кабыл алып, маалымат менен көпчүлүгү бөлүшкөн. Жыйынтыгында жылмаюу тартуулаган позитивдүү видео интернетте популярдуу болду.

Ал эми маалымат булактарына ырчы: "Мен Санкт-Петербург шаарында төрөлгөм. Атам убагында ата-энеси туулган, жашап өткөн жерге кайтып келүүнү чечип, Жалал-Абад шаарында жашап калган. Атамдын аты Фадеев Владимир Петрович, жаш балдардын музыкалык мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Нью-Йорк шаарында 19 жыл жашап, 3 жыл мурун мекенине кайтып келген. Жылына бир-эки жолу аны көргөнү барып турам. Кыргыз тилинде ырдап чыгууну атам сунуштады, бир жумада ырды жаттап чыктым", - деп билдирген.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
buiga
2016-05-27 16:50:22
Абдан соонун ырдаптыр.Прям без слов.
+1
MuslimNur95
2016-05-27 17:08:46
Акырында бала укмуш суйлоп койдуго соз жок
0
gutler
2016-05-28 07:57:45
Азаматтсын Майя,ты и твои ученики СУПЕР!!!
0
jalalabad93
2016-05-28 11:34:06
Молодец)))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан