Сокулук районунда арчаны мыйзамсыз кыйып, оор жүк ташуучу унаага жүктөп бараткан жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, протокол түзүлүп, тиешелүү материалдар Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилди.