Бүгүн, 26-майда Бишкектеги эски аянтта дыйкандардын түйшүгүн жеңилдеткен техникалардын
“Айыл-агро-2016” Эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Үч күндүк иш-чарада быйыл 20 өлкөдөн 32 ишкана-заводдордун өкүлдөрү келген. Көргөзмөдө айыл чарба техникалары, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу каражаттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар көрсөтүлдү. Япониядан келген көргөзмөнүн катышуучусу Катсухира Укисунун айтымында, иш-чара быйыл төртүнчү ирет уюштурулуп, жыл сайын кардарлардын саны өсүүдө.
“Мен көргөзмөгө Япониянын айыл чарба тармагында көп колдонулган трактор алып келгем. Былтыркыга салыштырмалуу быйылкы иш-чарада биздин тракторго кызыккан кардарлар көп. Япониялык тракторлор чакан, универсалдуу жана үнөмдүү”, - дейт Катсухира Укису.
Көргөзмөдө дыйкандар жаңы техникалар менен таанышып, аны сатып алууга жакшы шарттар түзүлүп жатканын Нарын облусунун тургуну Токуш Жумаев билдирди.
"Мен атайын көргөзмөгө жаңы техникаларды көрүү үчүн келгем. Тракторлор аябай жакты, бааларын сурап кызыгып жатам. Айыл чарба техникасын сатып алсамбы деп ойлонуп отурам", - дейт Т.Жумаев.