Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Чаткал райондук сотунун материалдык-техникалык абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал райондук сотунун имаратынын абалы жана жаңыдан курулуучу Чаткал райондук сотуна бөлүнүп берилген жер тилкеси менен таанышты.
Белгилей кетсек, Чаткал райондук соту буга чейин Каныш-Кыя айыл аймагындагы балдар бакчаларынын биринде иш жүргүзүп келген. Быйыл райондук мамлекеттик администрация сот кызматы үчүн жер тилкесин бөлүп бергени маалым болду.