25-майда бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу Лондондо "Britain's Got Talent-2016" бий сынагынын жарым финалында өнөр көрсөтүшкөн. Кыргыз бийчилеринин өнөрүн көргөн калыстар, залдагы көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чабышкан. Бирок бул көрүнүш кыргыз бийчилеринин финалга түз жолдомо алуусун шарттай алган жок.
Калыстар 2 финалдык жолдомону башка бийчилерге беришкен. Дагы 2 финалчы 27-майга караган түнү жыйынтыктала турган добуш берүүдө аныкталат.
SUPER.KG порталына бийчинин менеджери Айбек Мирбеков билдиргендей, добуш берүүгө 5 номер коюлган (анын ичинде кыргыз бийчилери да бар).
Ал эми эми Атай Өмүрзаков социалдык тармактардагы баракчасына добуш берүүнүн учурдагы жыйынтыгын илди: