Атактуу музыкант, "Кино" тобунун солисти Виктор Цойдун күйөрмандарынан түзүлгөн орусиялык "Виктор" тобунун негиздөөчүсү, солисти Асхат Ош кыргыз жерине келет. Ошто төрөлүп-өскөн музыкант I Эл аралык этномаданият фестивалына ардактуу конок катары келет.
Тарых жана маданият жылын уюштуруу жана өткөрүү боюнча дирекциядан кабарлашкандай, фестивалдын экинчи туру Бишкек шаарында өтмөкчү. Фестивалга Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Орусиянын дизайнерлери, кол өнөрчүлөрү, этникалык-фольклордук топтор, чыгыш ашканасынын мыктылары, сүрөтчүлөр катышат. Фестиваль гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Фестивалдын салтанаттуу ачылышы Ош шаарынын С.Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы аянтта 2-июнда болот.