Бишкекте "Үркүн-1916" аттуу жеке көргөзмөнүн бет ачары болду (фоторепортаж)

26-майда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин "Үркүн-1916" аттуу жеке көргөзмөсүнүн бет ачары болду. Сүрөтчү Үркүн темасына арналган чыгармачылык долбоордун үстүндө беш жылдан бери эмгектенген. Көргөзмөдө калемгердин 100гө жакын эмгектери көрсөтүлдү.

"Үркүн темасына кайрылганымдын себеби, бала кезимде чоң энемдин айткан окуялары таасир берди. Өзгөчө 1916-жылкы кыргында эмчектеги баласын сактап калуу үчүн 13 жаштагы кызын бир чыны талканга саткандар жөнүндөгү баяндан кийин менде идея пайда болгон", - дейт Юристанбек Шыгаев.

Сүрөтчү Үркүн темасын кенен изилдеп, Памирден Түркияга качып барган Ван кыргыздары менен жолуккан. Ал жерде 1916-жылы түндө айдын жарыгында төрөлгөн Айкөкүл байбиче менен кездешип, анын образын тарткан. Юристанбек Шыгаев өз чыгармаларында көбүнчө архивдик материалдарга таянганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adahan.myrza
2016-05-26 21:56:16
байкап корсок журогубузду канаткан бул уркун бутундой кыргыз элинин трагедиясы болгон. Сонку кабардагы бул темада бир да комментарий жок экен. Ал эми женил желпи берилген кабарларда ондоп комм.й жазышыптыр. Жаштар оздорун патриот корсоткулору келгени менес кобуроок ушакчы болуп бараткандайбыз.
+3
gutler
2016-05-27 01:15:39
Комментария эмнеге жок? Себеби жаштар оз олкобуздун откон тарыхын начар билишет. Уркун деген эмне экенин таптакыр билип,тушунбогон жаштар толтура. Бул тема алар учун кызыксыз, кызыгышпайт дагы.
+2
Oreanda
2016-05-27 13:17:50
Туура айтасынар азыркы биз жаштардын тарыхка болгон мамилебиз салкын аны моюнга алыш керек.Тарыхты окусак 1906жылдары кыргыздын саны 6 милл.болгон экен Уркун апаатында канчалаган кыргыз кырылып кеткен,кыргызым туптуу калк экенбиз апаат алаамат кыргындарга туруштук берип жок болуп кетпей жашап келе жатат.Андай кыргындар болбосун кыргызымдын тарыхында урой учура турган окуялар жазылбасын дейт элем.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан