Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам "Сагын" тасмасы көрсөтүлгөн жок. Эми жекшемби күнү көрсөтүлөт

Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам "Сагын" тасмасы көрсөтүлгөн жок. Эми жекшемби күнү бет ачары өтөт.

19:30. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам "Сагын" тасмасын көрсөтүү кечигип башталды. Алып баруучу келген конокторго "жакшы маалыматтарыңыз болсо бөлүшүп, бойдоктор болсо бири-бириңиздер менен таанышып отуруңуздар" деди. Андан соң тасманын жаратуучуларын сахнага чакырды.

Тасманын жаратуучулары тасма жөнүндө, андагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу кыскача токтоло кетишти. Фильмдин режиссёру Данияр Абдыкеримов тасманын жаратуучулары менен бирден тааныштырып өттү, бирок фильм экранга коюла элек. Келген коноктор күтүп жатышат.

Бет ачар аземине белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев үй-бүлө мүчөлөрү менен келсе, "Сагын" тасмасында башкы каармандын образын жараткан кикбоксчу Кумар Жалиевди сүйүктүүсү Элина Абай кызы коштоп келди.

18:40. Бүгүн, 26-майда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Сагын" тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Тасманын бет ачарына кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү инсандар, тасманын жаратуучулары, атайын чакырылган коноктор, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, шаар тургундары келишкен.

Башкы каармандын образын жараткан актриса Рахат Божокоева тасма тууралуу буларга токтолду:

"Тасмага кастинг аркылуу тандалып, башкы ролго бекитилдим. Сагын аттуу башкы каармандын жубайынын ролун ойнодум. Каарманым ар дайым күйөөсүн колдоп, ар тараптан жардам берип, туугандар ортосундагы ынтымакты сактап, урушса элдештирип турат".

"Сагын" тасмасынын бет ачарына элдер келип жатышат
"Сагын" тасмасынын бет ачары өтүп жатат
Үч жыл тартылып, 40 миң доллар жумшалган "Сагын" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан