СУПЕРСТАН: "Жаздыкка башым тиери менен эле уктап калам, ойлонгонго да жетишпейм"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уйкуга чөмүлгүчө эмне же ким жөнүндө ойлоносуңар?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кээ бири өлкөбүздүн келечегин, байлык, келечектеги турмушу, достору, жакындары жөнүндө ойлонушат. А мен бактылуулук жөнүндө көп ойлоном, кантип бактылуу болсом экен жана кантип бирөөнү бактылуу кылсам экен деген ой күнү-түнү оюмдан кетпейт".

"Акыркы күндөрү жумуш деп жүрүп ойлонгонго да убакыт болбой, жатканда эле уйкуга кете баштадым. Эс алуу күндөрү уйку келбей жатканда алыста жүргөн үчүнбү, ата-энемди, бир туугандарымды, келечек жашоомду ойлонуп жатып тынчып калганымды сезбей калам".

"Жаздыкка башым тиери менен эле уктап калам, ойлонгонго да жетишпейм".

"Мен көп учурда башымдан өткөн бактылуу күндөрдү эстейм. Анан калганын элестетип, өзүмчө эле бактылуу болуп уйкуга кетип калам. Оюмда баары жакшы, баары бактылуу боло калат. Анан жыргап уктап калам. Уктаар алдында көйгөйлөрдү ойлонбогонго аракет кылам".

"Мага ойлонуп, кыялданып жатып уктап калган жагат. Ошондуктан жатарда кол жеткис кыялдарга чөмүлүп уктап калам".

"Ойлонуп жатып уйкум келбей эле, уйкум ачылып кетет. Көбүнчө келечекти ойлоном. Түндө жакшы ойлор пайда болот, аларды телефонума жазып, план түзүп, анан уктайм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
nuriza.kdm
2016-05-26 18:41:50
А тундо сириядагылар биз тарапка келип калсачы деп озумчо коркоберем жаман нерселерди коп ойлойм акыркы заман келсе эмне кылабыз деп куйоом анан коркпо деп уктатып коёт мени
-2
s5kgbal
2016-05-26 19:19:27
nuriza.kdm,не в тему
+2
Inna_91
2016-05-26 19:22:10
Мен уйкуга тойбоймун
+2
tynystan
2016-05-26 22:59:19
nuriza.kdm,ойду жакшы кылыныз!
0
aianaaiana
2016-05-26 19:34:07
Калп еле айта бербей чындыкты айтсаңар баарыңар ойлонбой телефон чукуп отуруп уктап кетемдесеңер
+14
mirbek2211
2016-05-26 19:55:52
aianaaiana,жардынго
+1
barakcha
2016-05-26 19:48:45
Мен дагы аябай кооп ойлоном.Келечек жонундо.Ойлонуп атып кантип тун киргенин билбей калам.Ошентип уйкум дагы канбай калат.
+1
tashi62
2016-05-26 20:00:45
Эээээ ойго эмнелер гана кирбейт аа
+1
Tansuluu09
2016-05-26 20:17:56
Уктасам билбейм эс алып турбай эле башым ооруп турам..
+1
zhykyo
2016-05-26 20:20:42
Нинза болуп барып Депутаттарды кармап кетип тизип алып элге жардам бересинерби деп жатып уктап калам
+2
luna28
2016-05-26 21:11:00
Мен мурда уктаар алдында теспе тартып,суроолорду айтып,куноолорумдун кечирилишин сурап, максаттарымдын орундалышын тилеп ушунчалык кыялданчумун... А азыр болсо шайтан азгырыгы дейбизби же озумдун жалкоолугумбу айтоор тел.н кармап жатып уктап калам...
+1
nuriza.kdm
2016-05-26 22:06:37
aiaanaai ар ким емне кылса ошону айтатда сен ошентип жатсан керек ошого ушундай деп жатасын
+1
MuslimNur95
2016-05-26 22:08:14
Отконду эстеп ар нерсени эстеп уктоо кыйын кундо уйкуга кетуу мен учун ото коп ойлонуп жатып уктап калам кундузу эч уктай албайм.
0
Iolik
2016-05-26 22:54:50
А мен уктаар алдында мен жакшы коргон бир инсан менен кадимкидей бирге жашап жургонумду кыялданам,анан аны кыялданып жатып кандай уктаганымды да билбей калам
+2
nur2006
2016-05-26 23:08:40
мен телефон кармаган бойдон уктайм акыркы убукта. Ойлончумун илгери телефонум жок убактарда
0
azazda
2016-05-27 00:58:22
А мен уктай албай кыйнала берем, ар бир нерсени ойлой берип ойлой берип уктай албайм. Чарчасам да кеч жатаарда уйку жок, уйкусуздук менен жабыркап келем эмне кылсам болот?
0
bekiw.801
2016-05-27 08:24:28
azazda, уктаарда эч нерсе ойлобогонго аракет кылсаң. Болбосо 100 чейин сана уктаганынды билбей каласын.
0
Bazana
2016-05-27 02:29:51
Ушу менде уйку ото коп,телефон чукуйм чукуган бойдон тел колумда бойдон уктап калам эртеси ишке жоносон заряды жок
0
barsa30
2016-05-27 08:02:59
мен мурзону коп ойлоном комгондон кийин тирилгенде эмне кылам деп .
-1
Nuray91
2016-05-27 18:19:10
мен болсо жакшы коргон адамымды ойлоп жатып анан уйкуга кантип кетип калганымды сезбей каламын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан