Дастан Бекешев: “Энелер күнү жана Балдарды коргоо күнү өлкөдө дем алыш күн болушу керек”

“Энелер күнү жана Балдарды коргоо күнү өлкөдө дем алыш күн болушу керек”, - деп билдирди депутат Дастан Бекешев 26-майда "Парламент" радиосунун түз эфиринде. Эмгек кодексине ылайык, Кыргыз Республикасында 13 күн майрамдык дем алыш күнү болуп саналганы менен, алардын айрымдары актуалдуулугун жоготконун айткан Бекешев 23-февраль, 7-ноябрь жана 5-майды дем алыш күндөрүнүн катарынан чыгарууну сунуштап жатат.

Депутат үй-бүлөнү бекемдөө максатында жаңы эки майрамды дем алыш күндөрү кылууну сунуштоодо. Алардын бири - майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленүүчү Энелер күнү. "Энелер күнүндө жарандар убактыларын толугу менен ата-энелерине арнап, өздөрүнүн апаларын майрамы менен куттуктаарын эске алганда, үй-бүлөлүк салттарды, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган майрам пайда болот", - деди депутат.

Мындан тышкары 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнү да жумуш күнү болбошу керектигин айтууда. "Бул күнү ата-энелер балдары менен бирге театрларга, концерттерге барышат, сейил бактарда эс алышат. Ал эми айрым активисттер жетим балдарга белектерди топтошот. Бул күндү жумуш эмес, майрам күн катары жарыялоо балдары бар үй-бүлөлөргө өздөрүнүн арасында майрамды толук кандуу өткөрүүгө мүмкүндүк бермек", - дейт Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azura
2016-05-27 09:52:56
Выходнойлорубуз итак эле коп
0
Azura
2016-05-27 09:57:12
23 февраль, 8 март, 7 ноябрь алынсын
5 май эч кандай актуалдуулугун жогото элек,бул биздин Эгемендигибиздин биринчи конституциясы
+1
Ryskulova
2016-05-27 10:21:36
Туура майрамдар кобоюп эле жатат, бирок мен учун саналуу эле майрамдар . Ар бир кунду конулдуу майрамдагыдай откоргонго не жетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан