Бишкектин ички жолдорун жакшыртуу аракеттери уланууда

Бишкек мэриясынын алдындагы "Бишкек асфальт-сервис" ишканасы шаардын ички жолдорундагы жөө жүрүүчүлөргө арналган жолдорду сары түскө, жолдун ортолорун ак түскө боёп, айрым жолдорду оңдоону улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Фрунзе көчөсүндө жол белгилери боёлууда. Алдыда шаардын башка көчөлөрүндө ушундай иштер аткарылат.

Ошондой эле ишкана жолдорду оңдоо менен алек. Учурда Исанов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн жогорку бөлүгүндө тротуарды оңдоо, жолду калыпка келтирүү иштери аткарылууда.

2016-жылы жалпысынан шаардын 44 ички жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
batsam
2016-05-27 09:22:57
Эчак эле ондош керек болчу. Борбор Борбордой болушу керек айылдай эмес. Турусбеков, Умуталиев деген кочолордун жолдорун ондошсун. Тыналиева кочосу такыр эле болбой калган кичине уялса боло, эн биринчи ушул кочого жаны асфальт тошосо болмок.
+2
Aytur
2016-05-27 10:03:14
batsam,Туура Турусбеков, Уметалиев аябай жаман
Уметалиев кочосуп жамак жамак кылып коюптыр кыйраткансып!
+1
Gema
2016-05-27 09:44:39
кичине жылыш бар ондонот жаны мэрдин ишинде...
+1
Aytur
2016-05-27 10:01:28
Кыйратыптыр жамак шымдай кылып жамап!
Анысы уже оюлуп баштады
+1
AZIK01
2016-05-27 10:04:24
Aytur,+++
0
Rifle_3
2016-05-27 10:22:23
Элге эч нерсе жакпайт да. Ондоп жатса иштей берсин да, элдин наалыганын угуп отура берсе анда иш болбойт.
+2
bars_wire
2016-05-27 13:49:19
Ондобой эле шагыл тогуп коюш керек.Биздин гонщиктер 1000ге коюп айдашат андай жолдордо бей куноо адамдарды учура коюп отушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан