Франциянын мода жумалыгында кыргыз дизайнери улуттук этностилдеги чапандарды көрсөттү

Дизайнер Жумагүл Сариева заманбап этностилде тигилген чапандардын коллекциясын Франциянын Страсбург шаарында өтүп жаткан мода жумалыгында көрсөттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Чапан" студиясынын мүчөсү Айпери Асангазы кызы билдирди.

"Франциядан мода жумалыгына чакыруу келип түшкөн. Коллекция 25-майда көрсөтүлгөн. Жалпы 40тай аял-эркектерге арналып тигилген чапандардын коллекциясы жөнөтүлдү. Чапандар заманбап
этностилде тигилген. Ал жактагы көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алышканын айтып жатышат", -
дейт Айпери Асангазы кызы.

"Strasbourg Fashion Week" мода жумалыгы Францияда салттуу мода иш-чарасына айланган. 24-майда башталган мода жумалыгы 28-майга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rifle_3
2016-05-27 10:20:14
Ийгилик кут болсун !
Бирок мага жакпады, тапочка менен башка урса да кийбейт элем мындай кийимдерди. Же менин акыл эсим мындай нерсеге жетпейт.
+2
stimyl.kg
2016-05-27 11:32:53
Ийгилик каалайм!
0
Musabaeva.
2016-05-27 11:44:42
Европалык кийимдерге ылайыкташып тигилиптир да.
0
sagunur2016
2016-05-27 12:07:23
эжеге ыраазычылык жана таазим этем талантына
0
shirinai
2016-05-27 13:14:37
Азаматсыз. Онорунуз оркундосун.
0
shirinai
2016-05-27 13:16:26
ийгилик гана каалайбыз.
+2
altyshka_23
2016-05-27 22:02:03
Ийгилик каалаймын бирок озумдун ойумду айтсам мага жакпады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан