СУПЕРСТАН: "Атакемдин ааламдан өтүшүнө өзүмдү күнөөлөп келем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өкүнгөн учурлар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менин жашоодон жаңылып өкүнгөн учурларым көп. Эсимде, 8-класста элем. Спорт менен машыгып, күчкө толуп жүргөн кезим эле. Бир күнү апам менен атамдын ортосунда катуу жаңжал чыгып кетти. Эжем ажыратып жатса, атам эжемди чаап салганда, мен жаштыктын кызуу кандуулугуна алдырдымбы, жиним менен атамды аңтара чапкам. Кыскасы, атама кол көтөрдүм. Жашоодо катуу өкүнгөн күнүм ушул. Азыркыга чейин эстесем жүрөгүм ооруйт. Ушундан көрө туулбай эле койбой деп өзүмдү жемелеп келем".

"Өкүнгөн учурларымды эстесем өтө эле көп экен. Бир кыйын менен катуу уруштум, кек сактап жүрүп өчүмдү алдым. Бирок ортодо жакын адамымды өзүмдөн алыстатып алдым. Кечирим сурайын десем эч эле жолуктура албай жатам".

"Эгер менин жаштыгым кайрылып келсе, кыздардын башын айлантпай, кумар ойнобой, кафелерде жойлобой, ууланып чылым чекпей, арак ичпей жакшы жолдо жүрмөкмүн. Жогорку билим алып, спорт менен алектенип, арам жолдон алыстап, адал, сооп иштерди жасамакмын. Эгер менин акчалуу кездерим кайрылып келгенде, жетим-жесирлерге бермекмин. Ал акчаларымды арам иштерге жумшамак эмесмин".

"Мен бул жашоого жаралганыма, атакем менен апакемдин ажырашканына өкүнөм".
"Атакемдин ааламдан өтүшүнө өзүмдү күнөөлөп келем. Анын себеби өзүнчө бир узун окуя, ал окуя мен үчүн өтө оор жана уяттуу, кимдир бирөөгө айтып берүү кыйын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barakcha
2016-05-29 14:53:04
Мен коп эле нерсеге окуном...Жашоо-озу сабак дегендей,кылган каталарыбыздан сабак алып,жашообузду уланта берет экенбиз да.Эхх...((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан