Транспорт жана коммуникация министринин орун басарына "Аймактык шериктештик" ордени тапшырылды

КРнын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Эрнис Мамырканов байланыш тармагындагы жигердүү иши үчүн "Аймактык шериктештик" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, орденди Орусиянын байланыш жана массалык коммуникация министри Никалой Никифоров тапшырган.

Кошумчалай кетсек, 1991-жылы түзүлгөн "Аймактык шериктештик" коомуна Кыргыз Республикасынан тышкары Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Болгария, Латвия, Литва жана Словения сыяктуу мамлекеттер мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан