31-майдан 5-июнга чейинки аралыкта кыргыз жеринде Кувейт мамлекетинин Маданият күндөрү орун алат. Иш-чараны Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда өткөрүү пландалган. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кувейттин расмий делегациясы 31-майда министр Алтынбек Максүтов менен жолугушат. 2-июнда аларды өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев кабыл алат.
31-майда Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде Маданият күндөрүнүн ачылышы орун алып, Кыргыз Республикасы менен Кувейттин алакасын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле коноктор Кувейттеги археологиялык казуулар тууралуу сүрөт көргөзмөгө, кол өнөрчүлөрдүн эмгегинен жасалган буюмдарга күбө боло алышат.
Уюштуруучулар көрүүчүлөргө Кувейт ашканасын тааныштырып, мастер-класс көрсөтүлөрүн кошумчалашат.
Кувейттик делегацияга 2-июнда Ысык-Көл облусунун башчысы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берет. Кувейттиктер 3-июнда Кырчын жайлоосунда болушат.