Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгы "Ош" Эл аралык аэропортунун жолундагы жаш арчалар убагында сугарылбай куурап калгандыгы үчүн №21-жол тейлөө мекемесине (ДЭП-21) айып салды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Оштогу аэропортко барчу жолдо вергин түрүндөгү 186 түп арча бар эле. Алар убагында сугарылбай, куурап калган. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.05.2013-жылдагы №224-токтомунун негизинде өсүмдүктөргө келтирилген зыяны эсептелип, Ош шаарынын №21-жол тейлөө мекемесине (ДЭП-21) 141 910 сом айып салынды. Аталган материалдар Ош шаардык прокураттурасына өткөрүлүп берилгени маалыматта айтылган.