"Кумтөр Оперейтинг Компани" жер ресурстарына зыян келтиргени үчүн 6 миллиард 698 миң сом төлөмөй болду. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Максат Өмүров SUPER.KG порталына бүгүн, 27-майда кабарлады.
"Бишкек шаарынын райондор аралык соту 25-майда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасына болгон доо арызын карап, канааттандырды. Соттун чечимине ылайык, аталган ишкана бир нече экотехникалык жактан мыйзам бузуп, жер ресурстарына зыян келтиргени үчүн талап кылынган 6 миллиард 698 миң сомду төлөмөй болду. Чечим 5 иш күндүн ичинде алардын колуна тийиши керек", - деди Өмүров.
Ошондой эле Максат Өмүров “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасы соттун жогорку инстанциясына кайрыла аларын кошумчалады.
Эскерте кетсек, аталган инспекция “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасын сотко бергенин 16-майда жарыялаган.