"Ош базардын" тегерегиндеги жолдордогу соодагерлер көзөмөлдөнөбү?" деген окурманга жооп кайтарылды

"Ош базарындагы" мөмө-жемиш, кийим-кечени арабага салып алып сатып жүргөн соодагерлерди көзөмөлдөө кыйын экенин Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди. Анын айтымында, күнүгө Ленин районунун акимиатынын кызматкерлери "Ош базардын" тегерегиндеги Кулиев менен Киев көчөсүндө араба менен саткан соодагерлерди кубалап турушат.

"Күнүгө эртең менен Ленин районунун акимиатынын экономика бөлүмүнүн кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте "Ош базарында" рейд жүргүзүп турушат. Тилекке каршы, араба сүйрөп жүргөн соодагерлерди көзөмөлдөө кыйын. Анткени бир жерден башка жерге которулуп, качып турушат", - дейт Ленин районунун акими.

Эскерте кетсек, окурман "Ош базардын" жолундагы соодагерлерди бирөө-жарым көзөмөлдөйбү?" деген суроо салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
abusait
2016-05-27 16:18:05
Орусияда болгондо качаан эле окесини таанытышат болчу мындай арабалардын.
+2
jakilik
2016-05-27 16:25:29
abusait,
Анда орусияга барып жашада
0
abusait
2016-05-27 16:39:55
jakilik,ансыз деле 1млн кыргыз россияда.
+2
jakilik
2016-05-27 19:47:15
abusait,
Билем сен да барда Кыргызстан жакпаса
Орусияда болсо минтмек тигинтмек дебей
-3
Pirimkul
2016-05-27 16:24:51
Неге кубалаш керек аларды е бай болгурлар ? Тирилик керек бала чака багам деп айласы кеткенден журушот да аларда байкуштар.
+3
adidilet
2016-05-27 16:32:13
Pirimkul,ар кимдин оозун карап отурсак шаарыбыз бардак болуп кетпейби. Азыр ким эле жыргап атыптыр?Тартип деген болушу керек да.
+5
toni_1984
2016-05-27 16:33:42
Эгерде кыргызстанда завод фабрикалар иштегенде ушинтип жол тосуп отурушпайт болчу буларда уйдогу бала чака багам деп отурушат жыргаган жеринен эмес ......
+4
Shakek
2016-05-27 16:47:30
тачкасы менен саткан товарын конфицкация кылыш керек
0
bekmaral
2016-05-27 17:15:26
Shakek,конфискация кылып сага окшогон тойбогондорго берсин сага жагат ошондо жакшы болобу
0
toko77
2016-05-27 17:07:46
эң туура баарын кубалап жок кылыш керек, болбосо БИШКЕК борбор эмес эле чооң базарга айланып бара жатат, ОШ базарын жана майда чүйдө базардын баарын шаардын сырт жагына көчүрүү керек.
+1
Shakek
2016-05-27 21:33:08
bekmaral ХХХ ХХХ ХХХ мен ошол базарда отурам мамлекетке ай сайын салык толоп 4баламды багып журом эл катары
0
admin_portal
2016-05-30 13:32:18
Shakek, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
saytash11
2016-05-28 00:36:53
Азаматсыңар, көрөгөчтөр! Аларды чынында коргош керек. Кыргызстанда жумуш орундары жоктугунан 1млн го чукул жаран чет өлкөдө, а шарты жоктор ушинтип араба менен жан багып жүрүшөт. Алгач ошол акимият мүчөлөрү көзөмөл кылуудан бир аз уялуусу керек, күнөөлөрүн сезип. Жумуш орундарын түзүп, элди жумушка тартсын, анан мыйзам чегинде тигиндейлерди кубаласын. Элдин социалдык турмушун жакшыртуу ошолордун милдети саналат. Борборуң миң мертебе сонун, кооз болгону менен элдин турмушунун алдында мааниге ээ э
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан