Социалдык тармактарда колдорун артына алган адамга кызматчысы кол чатыр тосуп турган сүрөт кызуу талкууга алынды

Социалдык тармактарда колдорун артына алган адамга кызматчысы кол чатыр тосуп турган сүрөт кызуу талкууга алынды. Интернет колдонуучуларынын айтымында, сүрөттө Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов болушу мүмкүн.

Маалыматка ылайык, сүрөт Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада тартылган. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөткө терс маанидеги комментарийлерин калтырышкан. Ошондой эле окурмандар аталган сүрөттү Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II кол чатырын өзү кармап турган сүрөткө салыштырып, аткаминерди аябай сынга алышты.

Кошумчалай кетсек, былтыр Жеңиш майрамында кызматчысына кол чатырын карматып турган казакстандык аткаминердин жанында жамгыр астында суу болуп турган ардагердин сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KGstan1981
2016-05-27 17:37:34
Биринчиден мен айтып кетейин ошол 90жылдык жуз жылдык иш чаралрга кеткен акчага мектептерди, бала бакчаларды курушса болмок. Ал эми экинчиден бул 90-100жылдык майрамдарда кимдер жыргашат мына бул жогорудагы суроттогу чиновниктер беш бармак жээшкениден колуна зонтикти дагын которушко зеригишет.
+8
toko77
2016-05-27 17:57:48
Нурлан Сулайманкулов
+5
toko77
2016-05-27 18:05:15
КЫРГЫЗСТАНГенпрокуратура
Сулайманкулов Нурлан Арзыматович
Прокурор г. Бишкек
Национальность
кыргыз
Знание языков
кыргызский, русский
+6
Ago
2016-05-27 18:45:18
Кыргыз элине сурооо Прокурор туалетке барып кагаз таппай калса жанындагысы эмне кылат ыя?
+5
Sadyrov_n93
2016-05-27 19:18:50
Соз жок.
+2
AnarRazakovich
2016-05-27 19:45:47
Өтө эле көпкөндүк. Зонтик кармаган ким экенин тактап, аты жөнүн, ээлеген кызматын жарыялаш керек. Супер суперсиңер!
+3
bars_wire
2016-05-27 21:44:18
Былтыры 9-майда жаанда калып кеткен ардагерлер менен зонтиктин астында кетип жаткан мансапкорлордуда кошуп койбопсунар.
0
jakilik
2016-05-28 01:43:34
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлойун !!!
0
Nasyrkg
2016-05-28 12:40:33
Эми казак менен кыргызда ар деген жок да
0
vip.kg
2016-05-28 15:40:57
Аллахым байынада, орто жашаганыда копконгода, копогонгода озун ыйман бер. Бирок баары бир биз адамзат кеч болгондо тушунобуз.
+1
kubaychbek
2016-05-29 00:23:54
зонтик кармаган кошоматчысында да кептин баары жагалданбай эле колуна берип койсо эмне албай коёбу
+1
admin_portal
2016-05-30 11:24:40
toko77, sultan89, dubai, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келитирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан