Атай Өмүрзаков: "Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдөгү жарандардын колдоосу биз үчүн кымбатка турат, бул жеңишке барабар"

25-майда бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" бий тобу Лондондо "Britain's Got Talent-2016" бий сынагынын жарым финалында өнөр көрсөтүшкөн. Кыргыз бийчилеринин өнөрүн көргөн калыстар, залдагы көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чабышкан. Бирок ага карабай бийчилер финалга өтө алышкан эмес. Бул тууралуу бийчи социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

"Бизге күч жана мотивация берген зор колдооңуздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз. Биз түрдүү долбоорлорго, сынактарга катышып келебиз, бирок бул ирет алгачкы жолу баарыңыздардын колдооңуздарды сездик. Сынакка катышууга колдоо көрсөткөн өлкө башчы Алмазбек Шаршеновичке өзүнчө ыраазычылык. Бул биз үчүн абдан маанилүү, анткени бул нерсе биз менен кыргыз эли, кыргыз өлкөсү бирге экенин билдирет. Канчалаган кыйынчылыктарга карабай максатка жетүү үчүн аракет кылабыз. Мамлекеттин колдоосу биздин жолдогу кыйынчылыктарды жеңилдетет. Бул нерсе менен эле чектелип калбайбыз, дагы да болсо аракетибизди уланта беребиз. Колубуздан келишинче таланттуу балдарды колдоого жана эл аралык сынактарга катышууга жардам берүүгө аракет кылабыз.

Жеңилип калганыбыз үчүн актанууну каалабайбыз, бирок баары талкууга алып, Улуу Британиянын жарандары жана башка өлкөлөрдөгү интернет колдонуучулардын бизди колдоп, жыйынтыкка нааразы болгону биз үчүн кымбатка турат, бул биз үчүн жеңишке барабар. Баарыңыздарга рахмат: улуу кыргыз элине, мамлекетибизге, өлкө башчыга, бизди колдогон башка өлкөнүн жарандарына, ошондой эле Улуу Британия, Ирландия өлкөсүнүн жарандарына!" - деп билдирген Атай Өмүрзаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Zarlyk.322
2016-05-27 18:07:44
Molodsy jigitter.Allah jar bolsun silerge.Iygilik
+13
aitowa11
2016-05-27 18:30:44
Эмне булар финалга отпой калдыбы?
+5
ekaterinburg
2016-05-27 18:38:23
Азаматсынар!Жарым финалга чыкканынар-биз учун женген болуп эле калдынар.Кыргызстандын атын чыгарганынар да озунчо жениш!Баары жакшы,не кыжылуйте)))
+12
jentilmen
2016-05-27 18:48:30
супер
+4
jentilmen
2016-05-27 18:48:44
Супер
+3
admiral
2016-05-27 19:59:33
Силерге аябай ыраазым да. Кайсы гана олко болбосун, кайсы сынак болбосун дуйно элин тан калтырып, кыргыздын атын чыгарып келесинер! Финалга отуп кетишинерге тилектешмин. Удачи вам!!!
+6
munara.11.
2016-05-27 20:23:16
вы просто супер ТУМАР КР... и Атай Омурзаков...ордуларынан туруп колдошуптур бирок неге финалга откозбой коюшту экен...голосование жюри тараптанбы же коруучулор тараптанбы
+3
admiral
2016-05-27 20:25:35
munara.11.,
Эл добуш берет
+1
altyshka_23
2016-05-27 20:45:20
Азаматсынар
+2
Matilda
2016-05-27 20:45:21
Эми да кайсы олкого барышат болду экен?
+2
altyshka_23
2016-05-27 20:46:37
Отпой калдык деп эч качан ойлонбогула,эмкисинде созсуз биринчиликти аласынар
+3
altyshka_23
2016-05-27 20:47:11
Биз силер менен сыймыктанабыз
+3
dkanu
2016-05-28 00:15:09
Азаматсынар! Дагы да болсо биз силер менен! Баары алдыда, дагы коооооп жеништерди багынтасынар деп ишенемин. Анткени аракетке берекет!!! Аракетинер зор!
+3
Kaseke
2016-05-28 10:33:31
Азаматсынар! Кыргызстанды дуйного таанытып журо бергиле. Биз силер менен сыймыктаналы. Азаматтар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан