Бүгүн, 27-майда мектептерде бүтүрүү кечелери уюштурулганына байланыштуу Ички иштер министрлиги учурда коомдук тартипти сактоо үчүн атайын рейд жүргүзүүдө. Рейддин алкагында милиция кызматкерлери автобус жалдаган окуучулар тобуна туш болушкан.
SUPER.KG порталына ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдиргендей, алар Бишкектин №81-мектебинин окуучулары болуп чыкты.
"Ата-энелери 38 миң сомго автобус жалдап беришиптир. Бул автобуста орундар жетиштүү болгондуктан жана ата-энелери көзөмөлдөп жаткандыктан, биз аларга эч нерсе кыла албайбыз. Эс ала беришсин, башкысы, коомдук тартипти бузушпаса, терезеден баштарын чыгарбаса... Айдоочуга баары эскертилди", - деди А.Абдрахманов.