СУПЕРСТАН: "Акча керек болгондо өмүрүмдө көрбөгөн бир эже жардам берди, ага аябай ыраазы болдум"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Силерге акыркы жолу ким, кандай жакшылык кылды эле?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бүгүн мага аябай окууга акча керек болуп калды, кимден сураарымды билбейм. Анан өмүрүмдө көрбөгөн бир эжеден сурасам берди, унчукпай эле. Ага аябай ыраазы болдум, ошол эжеге рахмат айткым келет".

"Кечээ үйдө эч ким жок экен. Кошуна эжеден суу сурасам берди, аябай ыраазы болдум, рахмат айтам".

"Бүгүнкү күндүн эсебинен бир жакшы таанышым убактысын коротуп, ысыкта ЦУМга барып тарифимди алмаштырып берди".

"Менеджерим аябай көп жардам берет. "Эгер кыз төрөсөң, кызыңдын атын менин ысымымдан койсоң деле болот" деп тамаша-чыны аралаш айта берет. Ушул айымга терең ыраазычылыгымды билдирем".

"Мага да бир адам көп жакшылык кылды. Жардам берип, маанайымды түшүрбөй, алдыга кадам таштаганды үйрөттү. Ал адамды мага Алла Таалам өзү жиберди окшойт. Буюрса, бара-бара жашоомду да оңдойм, ал адамдын аркасы менен. Материалдык, моралдык жардам берген ал адамга эки дүйнө ыраазымын! Убагы келгенде мага жасаган жакшылыктарын эселеп кайтарам. Ал адамга төмөндөгү ыр саптарын арнагым келет:

Колдон тартып сууруп чыкты баткактан,

Мен жардамга муктаж болуп жатканда.

Асманыма жарык берди бир замат,

Түн жамынып күнүм менин батканда".

"Мурдагы күнү чогуу иштеген бала баарыбызды жамгырда барчу жерлерге таштап койду. Кол чатырым да жок эле, кийимим да жука болчу, жүрөгүм жылып калды".

"Метронун эшигинен кирип баратканда айнек эшиги катуу ачылып-жабылат эмеспи. Эртең менен орус бала алдымда бараткан, эшикти ачып кирип, артына бурулуп, мени карап туруп эшикти коё бербей мени киргизип койду. Дагы метрого шашылыш кирип баратканда кыпчып калса, жанымдагы эркектер эки жактан эшикти тартып киргизип коюшат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aianaaiana
2016-05-27 20:31:07
Мен бирөөгө жардам бердим метронун эшигине кыпчылып калган экен ХХХ ХХХ ХХХ
+1
Take_men
2016-05-27 21:26:19
aianaaiana,каблук кийген жок белен
0
admin_portal
2016-05-30 13:37:35
aianaaiana, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
Nariste...12
2016-05-27 20:52:01
Менин канча жыл мурун жазган " ыраазчылыгым" чыгыптыр. Окуп кубанып калдым
+4
MAPATO3GOH
2016-05-27 21:15:36
Мен биролорго жардам берем бирок кайтпайт ошол жакшылыгым!
-3
Musabaeva.
2016-05-27 23:46:15
Аллах Тааладан кайтсын кылган жакшылыгыныз.
+2
Salto
2016-05-27 22:22:33
Мага да убагында бир адам аябай жардам берген, мен куткон да эмесмин, мага жагымдуу сюрприз болгон, мен да ыраазычылык билдиргим келет
+2
happy15
2016-05-28 00:41:09
Мен да убагында жардам бергем адамдарга,алардан кайра жардам алган эмесмин,бирок мен азыр кыйналып жаткан убагымда мен тааныбаган инсандар мага кол сунушту,мээнетин кайтат деген туура экен.
0
Zolushka89
2016-05-28 01:01:03
Жакшылык кылсан эн сонун го
+1
gulaza
2016-05-28 03:12:20
Азыркы заманда карыз берсен бироого олдун таппайсын сразу уктайсын!
+2
gutler
2016-05-28 07:44:24
Кызымды козунун операциясына акча таппай кыйналып жургондо магада эки Адам жардам Берген. Алар:Жолдошова Жылдызкан Эже менен Нариман Тулеев. Ушул эки адамга аллахым раазы болсун. Кылган жакшылыктары Аллахтан кайтсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан