СУПЕРСТАН: "Жетекчибиз жакында эле келди, жаңы, жаш кыз. Аны эски карышкырлар тоготпой бир топ эле ыйлатышты"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жетекчи же жамаат" деген тема талкууга алынууда.

Автордун суроосу:

"Ар бир кесип ардактуу" демекчи, жумуштун кыйынчылыгы да, кызыкчылыгы да бар эмеспи. Жумуштагы кесиптештер жана жетекчи да таасирин тийгизет. Мисалы, жетекчиликтин каардуулугунан, кесиптештердин көрө албастыгы, чыккынчылыгы же жөн гана тил табыша албастыктан жумуш ордун алмаштырууга туура келет. Мындай кырдаалдан кантип чыккансыз?"

Темадагы буга жазылган билдирүүлөрдөн:

"Балким, жаш кадр болгонум үчүнбү, президентибиз да, кесиптештер да эч кандай кысым көрсөтө элек. Баарыбыз ынтымакта иштеп келе жатабыз".

"Шеф, анын жардамчылары менен иштейм. Немистер болгону үчүн иш алып барыш оңой, мүнөздөрү оор болот экен. Урушчаак бирөөсү бар эле, тамак берсең жөн жебеген, ошондон кутулдум жакында".

"Айрым кесиптештер, чындыгында, көрө алышпайт, бут тосушат, бирок шефим менен мамилем абдан жакшы болгондуктан, алардын кылган аракеттери суу кечпейт".

"Кесиптештерим менен "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" эле болуп жүрө берем. Анча-мынча түшүнбөстүк чыкса унчукпай кутулам же "өз ордуңду билип мага тийишпей жүрчү" дейм".

"Кесиптеш кыздар менен мамилем аябай жакшы. А жетекчибиз жакында эле келди, жаңы, жаш кыз. Аны эски карышкырлар бир топ эле ыйлатышты окшойт тоготушпай".

"Мен иштеген жердин директору аял киши. Эшиктен кире элек жатып кыйкырып келет. Дем алыш күнү да келип баарыбызды бир сапырып кетет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан