SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялыңдын жыты жакпаса кантип айтуу керек?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Сен ооруп жаткан окшойсуң, дарыгерге көрүнүп келбейсиңби..." деш керек го. Ага кошуп мисал келтирип кой".
"Таякем көп ооруп, дары көп ичкен, бир башкача жыт чыкчу, болбосо бат-баттан эле жуунуп турчу".
"Адамдын көбүнчө колтугу жыттанат да, антиперспирант белек кылыңыз".
"Бир жери ооруса керек. Жуунса деле жыттана берсе, демек, ошондой. Кээ биринин колтугу, буту жыттанат".
"Эгер аялың болсо, анда тартынбай эле сүйлөшүү керек. Түгөйлөрдө сыр болбоо керек".
"Жагымсыз жыт дартка да байланыштуу болот жана ар бир адамдын табигый жыты болот. Табигый жыт менен дарттын таасиринде бөлүнүп чыккан жыт такыр башка-башка нерселер. Эң негизгиси, дененин кайсы бөлүгүндө жыт бөлүнүп чыгып жатканын билүү керек. Ошого карап, анан чара көрсөңүз болот".
"Аялыңыз бала эмизсе да башкача жыттанышы мүмкүн, ийип кеткенде сүт агып кетет да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.