SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алгачкы өбүшүү" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Биринчиси эсимде жок. Мага өбүшүүнүн баары жага бербейт, кээде жагат, кээде жакпайт. Эки жактын маанайына жараша болот. Ох, ата, бир өбүшүү эсимде, ушунча каалоо менен өбүшкөнбүз дейсиң..."
"Эң алгачкы өбүшүүм жаккан эмес. Мүмкүн, мектепте окуп жүргөн кезимде жана тоок сүйүүм менен өбүшкөнгөбү, эч кандай жагымдуу сезимдерди калтырган эмес. Учурдагы жакшы көргөн адамым менен өбүшмөк мындай турсун, жөн гана кол кармашып баскандан рахат алам".
"Биринчи өбүшүү, кучакташуу... Мен үчүн бул нерселер унутулбайт болуш керек. Биринчиси мен үчүн өтө сонун болгон. Таң аткыча кучакташып туруп, анан коштошуп жатканда зорго өпкөм уялып жатып, анан ошентип уланып кеткен..."
"Эң алгачкы өбүшүү эсте калат дешет, бирок менин эсимде анчалык деле көңүлгө жакчу жагдай калбаптыр. Башкача айтканда, эң алгачкы өбүшүү мага жаккан деле эмес".
"Алгачкы өбүшүүм 10-11 жашымда тууганыбыздын кызы менен болгон, бирок эч нерсе сезген эмесмин. Чыныгы рахат алып өбүшкөнүм 17 жашымда өзүмдөн кичүү, 14 жаштагы кыз менен болгон. Өзүмдү жоготуп, көзүм тумандап кеткен..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.