Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарындагы "Чек ара даңкы" гүлбагында Чек ара кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Салтанат “Чек арачы жоокер” эстелигине гүлчамбар коюудан башталды. Жоокердик милдетин аткаруу учурунда курман болгон чек ара сакчыларын бир мүнөттүк эскерүү орун алды.
“Чек арада кызмат өтөө - ар бир чек арачы үчүн чоң сыймык. Мамлекеттин түштүк чектеринде мамлекеттик чек аранын айрым бир тилкелеринде чек арачылардан жогорку кыраакылыкты талап кылган татаал кырдаал сакталууда. Ата Мекенге чын дилинен берилгендигин иш жүзүндө көрсөтүү менен чек арачылар мекенибиздин чегин татыктуу коргооруна мен ишенем”, - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев.
Кесиптик майрамдын урматына 8 чек арачы мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болуп, 69 аскер кызматкери ведомстволук сыйлыктар – медалдар жана төш белгилер менен сыйланышты.