Кадамжай районунда селден каза болгондордун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 миң сомдон бөлүндү. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 28-майда президенттик аппараттан билдиришти. Жалпы 500 миң сом бөлүндү.
Эскерте кетсек, Кадамжай районунун бир катар айылдарында 27-майда катуу сел жүрүп, 1 автоунаанын ичинде бараткан 6 адамдын бешөөсү каза тапкан. Келтирилген чыгымды тактоо иштери жүрүүдө.