Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кадамжай районундагы селдин кесепети тууралуу кошумча маалымат таратты. Селден бир катар айылдар олуттуу зыян тартышты.
Кадамжай шаарынын Заводская көчөсүндөгү Ак-Суу дарыясынан автоунаалар өтүүчү көпүрөнүн үстүнөн сел ашып зыянга учуратса, Арал тилкесиндеги көпүрөнүн түркүктөрүнүн астын сел жеп кеткен. Көтөрмө айыл аймагындагы Кызыл-Булак-Тамаша жолунун болжол менен 1-10-чакырымына чейин кээ бир жерлери кум-шагылга толуп, Кадамжай-Кызыл-Булак жол каттамы токтогон.
Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын айылында болжол менен 3 турак үйгө сел кирсе, Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында 6 турак үйдүн короосуна кирген. Ал эми Үч-Коргон айыл аймагынын Валакыш айылында 5 турак үйдүн, Разъезд айылында 5 үйдүн короосуна сел кирип, Алыш каналы шагылга толгон. Селдин кесепетин жоюу иштери улантылып жатканы айтылды.