Бүгүн, 29-майда Бишкектеги көңүл ачуучу сейил бактардын биринде балмуздак фестивалы өтүп жатат. Ага өлкөбүздөгү бардык балмуздак чыгарган ишканалар катышууда. Фестивалда балмуздак чыгаруучу ишканалар конокторду өздөрүнүн кымыз, сүзмө, чөбөгө, талкан жана бал кошулуп жасалган балмуздактары менен тааныштырып жатышат.
Иш-чарага келген бөбөктөр балмуздак жеп, атайын уюштурулган концерттик программага күбө болушууда.