Орусиялык гүлдөр чебери Араика Галстян Бишкекте үлпөт той гүлдөрү менен шоу өткөрдү (фоторепортаж)

28-майда борбор калаадагы эс алуучу жайлардын биринде үлпөт той гүлдөрү менен шоу өткөрүлдү. Анда үлпөт той өткөрүлчү залдын ичин жасалгалоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп, моделдер этностилдеги жана үлпөт көйнөктөрдү кийишип, подиумга заманбап, жаңы стилдеги гүлдестелер менен чыгышты. Ошондой эле бул кечеде атайын чакырылган коноктор арасында белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова, ырчылар Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая болду.

Маданий иш-чаранын уюштуруучусу Лили Хан буларга токтолду:

"Үлпөт той гүлдөрү менен шоу быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Бул ирет орусиялык гүлдөр чебери Араика Галстян менен флористика боюнча өлкө чемпиондугу өткөрүлүп, ошондой эле ал
мастер-класс көрсөттү. Анда Галстян үлпөт той өткөрүлчү жайды заманбап стилде гүлдөр менен кантип жасалгалоо керектигин түшүндүрүп, көрсөтүп берди.

Бул долбоордун максаты - дүйнөгө биздин улуттук маданиятты таанытуу, көрсөтүү, элдин флористика боюнча маданиятын көтөрүү. Гүлдөр жашоодо эмне үчүн керек, аларга туура кам көрүү, колдонуу, кантип сүйүү керектиги тууралуу да айтылды".

Кайрат Примбердиев кеченин көркүн ачты. 28.05.2016.
Моделдер заманбап стилдеги гүлдестелер менен подиумга чыгышты. 28.05.2016.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
radyakiz
2016-05-29 19:52:00
Ошентип самсалатып которуп,моюнга илиа алыш керек бекен. Байкуш гулдор канча кундо соолуп калат экен ошентип колго которуп алса
+2
Asyl.jazi
2016-05-29 20:53:01
Гүлдөргө эле боорум ооруду. Эмне кереги бар эми. Ашыкча эле чыгым
+1
Kani1994
2016-05-29 20:56:24
СОНУН көрүнөт экен,өзгөчө жаңычылдык!
+2
Bountessa
2016-05-30 18:36:32
Обручтай кылбай калтырчы алдагы гүлүңдү дешсе керек жолдошу баш болуп биздикилер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан