Ош. Эл аралык Этномаданият фестивалында элге байыркы Оштун элеси сүрөттөлөт

Ош шаарында Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3-июнь күндөрү Эл аралык Этномаданият фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, фестиваль төмөнкү алты багытта өткөрүлөт:

- Этномузыка багытында - фольклордук топтордун чыгармачылыгы;

- Этномода багытында - байыркы улуттук кийимдерди жаңыча шөкөттөгөн дизайнерлердин эмгектери;

- Кол өнөрчүлүк, каада-салт;

- Живопись;

- Улуттук тамак-аш;

- Антиквариат менен букинистикалык адабияттар багыттары.

Кеңири масштабдагы Этномаданият фестивалынын алкагында боло турган бул алты багыт шаардын алты жеринде тартууланат.

Алымбек датка атындагы эс алуу борборунда "Каада-салт" бөлүмүндө тушоо кесүү, бешикке бөлөө, кыз узатуу, үйлөнүү үлпөтү, аскерге узатуу, өрүлүктөө, көч келди, сөйкө салуу, кыз узатуу, келин алуу, куда тосуу жөрөлгөлөрү көргөзүлөт.

"Кол өнөрчүлүк" бөлүмү боюнча театр аянтында жыгач, темир усталар, зергерлер, уздар, чеберлер, чопочулар, калпак, элечек, кийим тигүүчүлөр, белек-бечкек буюмдарын жасоочулардын катышуусунда өтөт.

Байыркы Оштун элеси - короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү.

Айыл чарба институтунан стадионго чейинки Ленин көчөсүндө атайын декорацияланган "Байыркы көчөдө" "Байыркылар жашоосу" багытында көргөзмөлөр коюлуп, коноктор байыркы жашоодогу буюмдар, эски короо-жай шаймандары, үй эмеректери, чайкана, короз уруштуруу, бөдөнө уруштуруу, өтүкчүлөр дүкөнү, наабайкана, самсакана, устакана жана башкалар менен тааныша алышат.

Ош шаарындагы "Изюм" кафесинин алдында Улуттук тамак-аш фестивалы каалоочуларды тосуп алат.

"Антиквариат, букинистикалык китептер" бөлүгү Жайкы театрда (Токтогул сейил багынын ичинде жайгашкан жайкы театр) өткөрүлүп, ал жерде түстүү металлдан жасалган зер буюмдар, чарбалык буюмдар, байыркы идиш-аяктар, коллекцияланган буюмдар: почта маркалары, монеталар, китептер, букинистикалык гезит-журналдардын көргөзмөсү башталат.

Султан Ибраимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынан борбордук аянтка чейин байыркы чыгыш көчөсү көркөм шөкөттөлүп жасалып, көчө музыканттары, маскарапоздор өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Баткендин атактуу килемдери менен Чоң-Алайдын таарлары этношаардын көркүн ачмакчы.

Ал эми музыка сүйүүчүлөргө концерт тартууланып, этномода көрсөтүүчү дизайнерлердин эмгектерин көрсөтүү менен айкалышат.

3-июнда Ош шаарынын борбордук аянтында гала-концерт тартууланып, Этномаданият фестивалы салтанаттуу түрдө жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан