Нарын облусунун Нарын шаарында жайгашкан борбордук базар өрт коопсуздугунун талаптарына толук кандуу жооп бербейт. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, "Он-Арча" жана "Береке" соода борборлорунун бөлүнгөн жерин соода күркөлөрү менен соодагерлер тосуп алышкан. Бул тосулган жер өрт унаасы өтө турган жол болуп эсептелет.
"Кокус өрт кырсыгы катталса, өрт өчүрүүчү унаа базардын ичине кире албайт. Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери базарлардын ээлерине эскертүүлөрдү бергенине карабай соодагерлер күркөлөрүн алышкан жок. Бул жолку текшерүүнүн жыйынтыгында "Он-Арча" жана "Береке" базар ээлерине мурдараак берилген көрсөтмөлөрдү аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде чара көрүлө баштады", - деп жазылат маалыматта.