36 жыл мурун, 1980-жылы 30-майда атактуу англиялык футболчу Стивен Жеррард жарыкка келген. Ал Улуу Британиядагы Ливерпуль шаарында туулуп, 1987-жылы "Ливерпуль" футболдук клубунун мектебине кабыл алынган. 1998-жылга чейин аталган клубдун академиясында тарбияланган Стивен 18 жашында "Ливерпулдун" негизги курамына кошулган.
1998-жылдан тарта ал 2015-жылга чейин "Ливерпулдун" курамында ойноду. 2001-жылы УЕФАнын Кубогун утса, 2005-жылы Чемпиондор Лигасын уткан. Футболчу 17 жылдык профессионалдык карьерасында Англия Премьер-лигасын ута алган эмес. "Ливерпулдун" курамында 710 оюн өткөрүп, 185 гол жараткан. Ал эми Англиянын курамында 114 оюнда 21 гол киргизген.