Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 6 депутатынан турган топ 28-майда Аксы районунун селден жабыркаган Кара-Суу айылына барды. Фракция лидери Иса Өмүркулов быйылкы жаз жаанчыл болуп, сел ташкындарынан көптөгөн айылдар жабыркаганын айтты. Жардам катары айыл өкмөт башчысына 300 миң сом тапшырды.
Жергиликтүү тургундар жер тилкелерин бөлүүгө тийиштүү көйгөйлөрдү, жайыт жетишсиздигин, ички жолдорду оңдоо зарылдыгын айтышып, Кара-Суу айылын шарты катаал айылдардын катарына киргизүүнү өтүнүштү. Айылдык кеңештин депутаты Арстанбай Шайдылдаев айылды интернет менен камсыздоо маселесине токтолду.
"Кара-Суу айыл аймагында 7 мектеп бар. Интернеттин сапаттуу жеткирилиши окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, билимин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк. Мындан тышкары коммуникациялык маселелерди ыкчам жана эффективдүү чечүүгө жол ачмак. Мисалы, 4 баракты жиберүү үчүн район борбору Кербен шаарына барууга туура келет. Ал жакта тийиштүү адамдар жок болуп калса, кайра кайтууга аргасызбыз", - деди Шайдылдаев.
Жергиликтүү кеңештин депутаты айылдагы сугат көйгөйүн, жайыттын аздыгынан тоют тартыштыгы да курч экенин белгилеп, айылды ирригациялык систем менен жабдуу зарылдыгын айтты.
КСДПнын лидери Иса Өмүркулов аталган маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөрүн, тийиштүү министрликтер менен мекемелерге тапшырма берерин убадалады.