Кыргыз жеринде обончулардын кыргыз жерин даңазалаган ырларына сынак жарыяланды

Тарых жана маданият жылына карата жана эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата кыргыз жеринде композиторлордун жана обончулардын атуулдук жаңы ырларынын сынагын жарыялайт. Сынак "Кыргызстан-25" деп аталып, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана КРнын Композиторлор жана музыка ишмерлери союздары менен биргеликте ишке ашырылууда.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, иш-чаранын максаты - кыргыз жерин, элин даңазалаган патриоттук жаңы ырларды жаратып, аларды кеңири жайылтуу жана жалпы элдин энчисине айландыруу менен фондулук материалдарды байытуу.

Сынактын катышуучуларынын жашына, улутуна жана музыкалык жанрга чектөө коюлган эмес. Арыздарды кабыл алуу 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт жана жыйынтыгы 1-октябрда белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан