Жогорку Кеңештин 61 депутаты нике жашы жөнүндө мыйзам талаптарын бузган жарандарды жоопко тартуу демилгесин колдобой, мыйзам долбоору өтпөй калды. Мындай чечим менен бийлик жаш курагы 18 толо элек кыздардын көйгөйүнө кайдыгер экенин көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда "Демократиялык процесстери изилдөө борбору” жарандык коомунун төрагасы Лариса Илибезова маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы 60 миңге жакын жаш курагы 18 толо элек кыздар турмуш курушкан. Аларды расмий түрдө каттабастан, дин жолу менен гана мажбурлап күйөөгө беришкен. Жаш курактагы кыздардын турмушу болбой калса, аларды коргогон эч ким жок экенин жарандык активисттер билдиришти.
"Бул бир гана кыздардын ден соолугуна же алардын жеке тагдырына эле тиешелүү нерсе эмес, баарыбызды ойлондурчу көйгөй. Эрте турмушка чыккан кыздын билими, маданияты мамлекеттин экономикасына да таасирин тийгизет. Алардын турмушта жолу болбой калса, балдарына алына турган жөлөк пулдардан тартып мамлекетке артыла турган жүк болот. Демек, экономикалык алкактан алганда дагы бул маселе терең талдоолорду талап кылат. Биз аталган демилгени кайрадан карап чыгууну талап кылабыз", - деди Л.Илибезова.